Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Астана шаарына барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Астана шаарына барат

Президент Садыр Жапаров 30-майда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталат.

Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.

Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Ж. Мелонинин катышуусу күтүлүүдө», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.