Жаңылыктар
Туристтик сезондо коопсуздук асмандан жана жерден көзөмөлдөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтик сезондо коопсуздук асмандан жана жерден көзөмөлдөнөт

Жети миллиондон ашуун калкы бар өлкөбүзгө быйыл 10 миллиондон ашуун туристтин келери күтүлүүдө. Сезондо коопсуздукту камсыз кылууга Ички иштер министрлигинин өздүк курамы толугу менен даяр. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ысык-Көлдөгү гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасында билдирди. 

Анын айтымында, туристтик сезондо коопсуздукту формалык кийиминен баштап, боди-камера, дрон, сууда жүрүүчү катерлерге чейин жаңы техникалар менен жабдылган кызматкерлер камсыздашат. “Өзүбүздүн кооз жергебизде түзүлгөн шарттар - башка өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, бирок кем калышпайт. Ошол себептен жагымдуу атмосферага кызыккан туристтердин агымы өсүп жатат. Андыктан, ар бир жергиликтүү жетекчи бул багытка катуу көңүл буруп, тармакты негизги приоритет катары билиңиздер”, - деди Камчыбек Ташиев.