Жаңылыктар
Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин төрайымы менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
 Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында “Борбор Азия – Италия” биринчи саммитинин алкагында Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу тармагындагы кызматташтык жана санариптик трансформация боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды.

Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони Мамлекет башчысын тосуп алып, Садыр Жапаровго “Борбор Азия – Италия” биринчи саммитине катышкандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Бул маанилүү иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиргим келет. Биз тарыхый учурдун күбөсү болдук – Борбор Азия мамлекеттери жана Италия биринчи жолу мындай форматта чогулушту», - деп баса белгиледи Джорджа Мелони жана Италия бүтүндөй аймакка жана Кыргызстанга, атап айтканда, Европа менен Азиянын бириккен жериндеги маанилүү өнөктөш катары өзгөчө стратегиялык маани берерин баса белгиледи.

Джорджа Мелони Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча макулдашууга кол коюлушу менен куттуктап, аны аймактагы туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоодогу маанилүү кадам деп атады.

Ал Италия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер азыркы тапта да жогорку деңгээлде экенин жана бүгүнкү күндө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча келишимге кол коюу муну кошумча ырастаганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде бул Кыргызстан менен Италиянын мамлекет башчыларынын акыркы жети айдагы экинчи жолугушуусу экенин белгилеп өттү.

"Бул эки тараптуу жана көп жактуу мамилелерди чыңдоого эки тараптын тең кызыкчылыгын көрсөтүп турат. Өткөн жылдын октябрь айында Италияга болгон расмий иш сапарымдагы меймандостугуңузду жылуу эстеп турам. Анда биз кыргыз-италиялык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү багытын колдоону чечкенбиз. Жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашырууга кошумча түрткү беришибиз керек деп эсептейм", - деп баса белгиледи Президент жана Италия Кыргызстандын конструктивдүү диалог түзүлгөн жана көп тараптуу кызматташуу өнүгүп жаткан маанилүү өнөктөшү болуп саналат деп кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент италиялык инвесторлорду гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана транспорттук инфраструктура тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ал белгилегендей, Кыргызстан ар түрдүү тармактарда – санариптештирүү жана банктык ишмердүүлүктөн тарта туризм жана кайра иштетүү өнөр жайына чейин, чет элдик өнөктөштөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен кызматташууга ачык.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Келишим иштиктүү чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жаңы перспективаларды ачат.