Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кызуу жүрүүдө

Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу жана бекемдөө иштери кызуу жүрүп жатат. Зым тартуу ишине чек арачылардан сырткары башка күч түзүмдөрдүн кызматкерлери да тартылган. Учурда демаркация иштеринин алкагында 15 чакырымдан ашык аралык тикен зым менен тосулуп бүттү.

Зым тартуу иштери үч мамлекеттин - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен жерден башталып, бүгүнкү күндө Баткен районунун Кара-Бак айылынын Дөбө деген жеринде тикен зымдарды тартуу иштери жүрүп жатат. Такталган чек араны зым менен тосууда чек ара кызматынын атайын инженердик отряды иштөөдө.

Зым тартуу иштерин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбөө үчүн аймакка атайын талаа шаарчалары курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Ошондой эле атайын техникалар да тартылган.

Тикен зымдарды тартуу Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө участкасында жүрүп жатса, мамыларды орнотуу Кызыл-Бел айылына жеткен. Чек араны тикен зым менен тосуу Лейлек районунда да жүрүп жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы демаркациялоо иштери быйыл 29-апрелде башталган. Биринчи этапта 420 чакырым аралыкка зым тартылат. Бул ишти жыл аягына чейин бүтүрүү пландалган.