Жаңылыктар
Президент чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты

Бүгүн, 28-майда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге арналган мемориалдын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага мамлекет башчы менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар катышты. Эстеликтин жабуусу алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылып, аскерлер тарабынан үч жолу ок атылды.

Мемориалга гүл коюу жана бир мүнөт унчукпай туруу менен маркум жоокерлер эскерилди. Андан кийин куран окулуп, жоокерлерге таазим көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгилеп, алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.