Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жылдык ишинин отчеттору
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдык ишинин отчету
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2019-жылдык ишинин отчету
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдык ишинин отчету
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдык ишинин отчету
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберрүү корпорациясынын 2016-жылдык ишинин отчету

Отчет Корпорациянын «КТРК жөнүндө» мыйзамында камтылган тапшырмалар жана алардын аткарылыш деңгээли, КТРКнын 2016-жылга карай киреше жана чыгашаларынын жалпы маалыматтары менен каржылык - чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасы тууралуу маалыматты өзүнө камтыйт. Ошондой эле, отчетто кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окуу курстарын уюштуруу, административдик – чарбалык иштерди уюштуруу иштеринин жыйынтыгы келтирилген.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберрүү корпорациясынын 2015-жылдык ишинин отчету

Отчетто Корпорациянын жетекчилиги жана каржылануусу тууралуу маалыматта, КТРКнын өнүгүү стратегиясын иш жүзүнө ашыруунун 2015-2016-жж каралган планына ылайык максаттарга жана милдеттерге жетишүү боюнча ишмердигин сыпаттоо, өткөн жылдын ичиндеги корпорация тарабынан жүзөгө ашырылган ишмердикти сүрөттөө, программалар сеткасы жана андагы пландаштырылып жаткан өзгөрүүлөр, аудитория менен кайтарым байланышты калыпка салуу боюнча иштердин жыйынтыктары, корпорациянын 2016-жылга карата алдын ала алынган пландары

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберрүү корпорациясынын 2014-жылдык ишинин отчету

Отчетто Корпорациянын жетекчилиги жана каржылануусу тууралуу маалыматта, КТРКнын өнүгүү стратегиясын иш жүзүнө ашыруунун 2013-2015-жж каралган планына ылайык максаттарга жана милдеттерге жетишүү боюнча ишмердигин сыпаттоо, «КТРК жөнүндө» мыйзамда корпорациянын алдына коюлган милдеттер жана алардын аткарылуу даражасы, санариптик берүүлөргө өтүүгө карата даярдоо жана техникалык модернизациялоо боюнча милдеттер камтылган.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2013-жылдык ишинин отчету

Отчетто Корпорациянын жетекчилиги, курамы жана ага караштуу түзүлүштөрү жөнүндө маалыматтар, милдети жана аткарган иштери, 2013-2015-жылдарга белгиленген өнүгүү стратегиясынын ишке ашыруу жаатындагы ишмердиги, ошондой эле киреше менен чыгашалар боюнча жалпы маалыматтары, корпорациянын каржылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары камтылган, КТРК каналдарынын көрүүчүлөрү, 2014-2015-жылдарга карата максаттары менен милдеттери чагылдырылган.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2012-жылдык ишинин отчету

Бул документтин негизги максаты - КРнын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2012-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү. Мисалы, отчеттук мөөнөттөгү КТРКда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгындагы жетишкендиктер, жана келечектеги өнүгүү жолундагы жаралган маселелерди бирдиктүү чечүү. Төмөнкү отчетту даярдоо максатында маалымат топтоодо 2012-жылга карай КТРКнын бөлүмдөрүнүн, структуралык курамдарынын аткарган иштери тууралуу документтер жана маалыматтар колдонулган.

Республикалык радиотелеборбордун 2012-жылдагы тендердин жеңүүчүлөрү тууралуу маалымдама
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2011-жылдык ишинин отчету

Отчетто КТРКнын 2011-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу толук маалымат камтылган. Мисалы, көрсөтүлгөн аз убакыттын ичинде эң негизги документтер, өлкөнүн медиа-ресурсун өнүктүрүү жана реформалоо боюнча программалар изилденип, иштелип чыкты. Бул көрүнүштү Борбордук Азия аймагы боюнча көзкарандысыз коомдук телеберүүнүн өнүгүү этабындагы биринчи кадамы катары бааласа болот.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2010-жылдык ишинин отчету

Төмөнкү документти даярдоодо өлкөдөгү башкы маалымат булагы болгон КТРКны коомдук берүүгө айланткан маанилүү эки датага өзгөчө көңүл бурулган.Бул 2010-жылдын 10-апрелиндеги Убактылуу өкмөт тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын түзүү тууралуу" Декрети жана 2010-жылдын 25-августундагы КР КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен бекитилиши. Жылдык отчетто да так ошол мезгилге, өзгөрүүлөргө басым жасалат.