Жаңылыктар
Мектептерде акыркы коңгуроо аземи өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде акыркы коңгуроо аземи өтүүдө

Бүгүн өлкө аймагындагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө.

Быйылкы 2024-2025-окуу жылында республика боюнча 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Агартуу министрлигинен "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөнүн билдиришти. Мектеп жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.

Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул күнү коомдук тартип менен катар жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын билдирди.

Сүрөттө: Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептеги салтанат