Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (УЭБКБ) бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен балдарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү иштери активдүү улантылууда. Борбордо 12 жаштагы балага ийгиликтүү бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү. Анын донору 49 жаштагы өз атасы болгон.
Балага 2024-жылдан бери өнөкөт гломерулонефриттин акыркы стадиясы менен перитонеалдык диализ жасалып келген. Донордук операция заманбап лапароскопиялык нефрэктомия ыкмасы менен аткарылып, оорулууга минималдуу жаракат келтирүү, кан жоготууну азайтуу жана тез калыбына келүү шарттары камсыздалды.
Адистердин айтымында, баланын дене салмагы 20 кгдан ашкан учурда, ага чоң кишиден, өзгөчө ата-эне донор боло алат.
Балдар арасында бөйрөк трансплантациясынын көрсөткүчү көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да, азырынча төмөн бойдон калууда. Бул татаал медициналык көмөккө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши жана педиатриядагы өзгөчө талаптар менен түшүндүрүлөт. Бирок, бөйрөк алмаштыруу — баланын жашоо сапаты үчүн маанилүү: ал өсүү темпинин калыбына келишине, социалдык жактан ыңгайлашуусуна жана бир катар татаал оорулардын алдын алууга өбөлгө түзөт.
Бүгүнкү күндө УЭБКБ — Кыргызстандагы жалгыз медициналык борбор, ал балдарга бөйрөк трансплантациясын өзүндө жүргүзүп келет. Борбордун курамында нефрологдор, трансплантологдор, анестезиологдор жана балдар хирургдарынан турган жогорку квалификациялуу команда иштейт.
УЭБКБ бул тармакты мындан ары да кеңейтип, жаңы технологияларды киргизүү менен балдарга жогорку сапаттагы жардам көрсөтүүнү максат кылууда.