Жаңылыктар
Ысык-Көлдө катуу шамалдан жалпы 160 турак үй жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө катуу  шамалдан жалпы 160 турак үй жабыркады

Кечээ, 21-май күнү Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан катуу шамалдын кесепеттерин тактоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын масштабы чоң болуп чыкты.

Шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунда 14 үйдүн, 1 эс алуу жайдын, 2 чарбалык курулуштун чатырын учуруп, 1 электр мамычасы, 1 унаа жабыркап, 9 бак кулаган.

Жалпылап айтканда, облус боюнча шамалдан:

  • 160  турак жай,
  • 5  көп кабаттуу үй,
  • 26  социалдык объект,
  • 173  чарба курулушу,
  • 5  унаа,
  • 1  трансформатор,
  • 36  электр мамычасы,
  • 370  метр электр чубалгылары,
  • 190  дарак жабыр тартканы белгилүү болду.

Мындан тышкары 7 боз үй, 1 чатыр, 1 кафе, 2 эс алуу жайы, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 8000 м интернет чубалгысы жабыркаган.

22-майда Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунда улантат.