Жаңылыктар
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген спорт стадионун мамлекетке кайтарды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген спорт  стадионун мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-аракеттер уланууда. Бул жолу 1993-жылы мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылып кеткен спорт стадиону мамлекетке кайтарылды.

Такталгандай, "У" Акционердик өндүрүштүк-коммерциялык коомунун заводунун социалдык объекттеринин менчиктештирүү процессинде мыйзам бузуулар орун алган. Анын ичинде, стадион да "У" ААКтын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке өтүп кеткен.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, аталган объектке ээлик кылган адам социалдык багыттагы мүлккө менчик укугу туура келбестигин түшүнүп, стадионду өз  ыктыяры менен мамлекеттин балансына акысыз өткөрүп берүү чечимин кабыл алган.

2025-жылдын 19-майында бардык тиешелүү укуктук жана  каттоо процедуралары аяктап, жалпы аянты 1,158 гектарды түзгөн спорт стадиону Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына расмий түрдө өткөрүлүп берилди.

УКМК өз билдирүүсүндө мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча иштер мындан ары да системалуу түрдө улантыларын баса белгиледи.