Жаңылыктар
Бишкекте 446,6 млн сомдук Трансплантация жана диализ борбору курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 446,6 млн сомдук Трансплантация жана диализ борбору курулууда

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында маанилүү болуп саналган дагы бир ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Бишкек шаарында Трансплантация жана диализ борборунун курулушу ырааттуу жүрүп жатат.

Имарат жер төлө жана алты кабаттан турат. Бүгүнкү күндө жер төлөөсү толук бүткөрүлдү.

Бул медициналык комплексте нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантация бөлүмдөрү, генетикалык жана биохимиялык изилдөөлөр лабораториясы, операциялык залдар, реанимация, бейтапкана жана трансплантациядан кийинки кароого арналган бөлүмдөр жайгашат.

Борбордун жалпы курулуш наркы 446,6 миллион сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долбоордун негизги максаты – бөйрөк жана боор ооруларына чалдыккан бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүү.

Борбор бөйрөк жана боор оорулары бар бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат.