Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында аймакты өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун жүрүшү менен таанышып чыкты.
Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тарабынан инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Белгилүү болгондой, учурда Талас шаарын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сом бөлүнүп, анын алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
- 54 чакырым жол жана тротуарларды куруу,
- борбордук аянтты реконструкциялоо,
- 7,4 чакырым суу менен камсыздоо системасын жаңылоо,
- көчөлөрдү жарыктандыруу системасын куруу,
- асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун курулушу.
Мындан тышкары, облус жетекчилиги төмөнкү ири долбоорлорду пландаштырууда:
- логистикалык борбор жана заманбап эс алуу паркы,
- борбордук базар жана вокзал куруу,
- “Манас Ордо” тарыхый-мәдени комплексин жана Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовго арналган комплексти жаңыртуу. Айтматов комплексинде кинозал, мейманкана, китепкана жана музей куруу каралууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бул иштерди аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган аракеттер катары мүнөздөп, долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылышын көзөмөлдөө боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жумуш сапарынын алкагында Төрага улуттук маанидеги “Манас Ордо” комплексине да барып, анын келечектеги өнүктүрүү пландары менен таанышты.