Жаңылыктар
"Сагындым апа өзүңдү". №14 мекемеде Энелер күнүнө арналган өзгөчө иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Сагындым апа өзүңдү". №14 мекемеде Энелер күнүнө арналган өзгөчө иш-чара өттү

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №14 мекемесинде Энелер күнүнө карата алгачкы жолу “Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү” аттуу өзгөчө майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара мекеме башчысынын демилгеси жана ЖАМК төрагасынын колдоосу менен уюштурулуп, жазык-аткаруу тутумундагы тарбия ишмердүүлүгүнүн маанилүү кадамы болуп калды.

Салтанатка ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, Тарбиялык жана социалдык иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов жана Кара-Балта шаарынын башкы имам хатиби Нурдан Омуралиев катышып, иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Нурлан Сарчаев өз сөзүндө:

“Бейиш — энелердин таманында” деген накыл сөздүн маанисине токтолуп, энелердин коом жана үй-бүлөдөгү ролу баа жеткис экенин белгиледи. Ошондой эле, балдардын туура жолго түшүүсүндө эненин таасири абдан чоң экенин белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекемеде жазасын өтөп жаткан тарбиялануучулардын энелери атайын чакырылып, балдары менен жолугушуп, мекеменин шарттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Майрамдык концерт, ырлар жана ыраазычылык сөздөр катышуучулардын көзүнө жаш алып, чыныгы руханий байланышты жарата алды.

Бул демилгенин негизги максаты — тарбиялануучуларга эненин ыйыктыгын, анын түйшүктүү, бирок улуу эмгегин түшүндүрүү, алардын руханий жана моралдык жактан оң жолго түшүүсүнө көмөктөшүү болуп саналат.