Жаңылыктар
Талас шаарында 900 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарында 900 орундуу заманбап  мектептин курулушу башталды

2025-жылдын май айында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Иш-чарага «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев да катышып, аталган окуу жайдын курулушуна өз колдоосун көрсөттү.

Аземде Адылбек Касымалиев элге кайрылып, мектеп – коомдун, улуттун келечегин калыптандыруучу негизги институт экенин баса белгиледи:

“Сөзүмдү Манас менен Айтматовдон баштагым келет. “Манас” эпосунун жүрөгү – элдин биримдиги, эркиндиги. Айтматов да кыргыз элинин улуулугун ар дайым көтөрүп келген. Ал эми бул улуу максаттарды ишке ашыруучу чоң ордо – мектеп. Мектептер элдин агартуучусу, балдарга билим, тарбия берүүчү жай”, – деди Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, билим берүү тармагына каржылоо акыркы жылдары кескин өскөн: 2020-жылы бул багытка 37 млрд сом бөлүнсө, 2024-жылы бул сумма 81 млрд сомго жетти. Республикалык деңгээлде 2023-жылы 143, ал эми 2024-жылы 190 мектептин курулушу бүткөрүлгөн. Талас облусунун өзүндө акыркы эки жылда 23 мектеп жана 7 бала бакча салынды.

Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык курулат: химия, физика жана биология боюнча лабораториялык класстар, компьютердик жабдуулар, интерактивдүү такталар орнотулат. Аймакта спорттук комплекстер – чоң стадион, машыгуу залы, футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары, воркаут жана оюн зоналары каралган.

Мындан тышкары, 400 орундуу актовый залы, ашкана, эс алуу жайлары, видеобайкоо камералары, өрткө каршы коопсуздук тутумдары жана медициналык кабинет да курулат.

Бул мектеп Талас облусунун жашоочулары үчүн билимге карай чоң кадам болуп, келечек муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү.