Быйыл 30-июндан тарта Орусияга кирүү эрежелери өзгөрөрүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы талаптар бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү.
Ага ылайык, башка мамлекеттин жарандары Орусияга барардан 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу өлкөгө баруунун максатын көрсөтүп, тиешелүү электрондук арыз бериши керек. Эгерде адам тез арада дарыланууга муктаж болсо, же жакыны каза болуп шашылыш сапарга чыгууга мажбур болсо, бул тууралуу учардан төрт саат мурда кабарлап, тиешелүү документтерди тиркеши керек.
Ошол эле учурда эгерде тиешелүү арыз алдын ала берилбесе, бул Орусияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Акыркы чечим чек ара кызматкерлери тарабынан кабыл алынат.
Учурда мигранттар үчүн РУ АЙ-ДИ деген аталыштагы тиркеме даярдалып жатат. Анда ар бир адамга санариптик профиль түзүлүп, Орусиянын мамлекеттик органдарынан электрондук кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.