Жаңылыктар
Жаңы салык системасы: Эми салыкты бир төлөм менен жүргүзсө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы салык системасы: Эми салыкты бир төлөм менен жүргүзсө болот

Салык төлөөчүлөрдүн иштөөсүн жөнөкөйлөтүү жана салык системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында 1-июндан тартып жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсеби киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Жаңы система — салык төлөөчүнүн каражаттарын сактоо үчүн түзүлгөн виртуалдык салык капчыгы болуп саналат. Төлөөчү өз эсебине каалаган сумманы толуктап, бир нече түрдөгү салыктын ордуна жалпылаштырылган бир төлөмдү гана жүргүзөт.

Салык кызматы бул төлөмдү автоматтык түрдө тиешелүү салыктарга жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө бөлүштүрөт. Бул механизм адамдык факторлорду жок кылууга, төлөмдөрдү убагында жүргүзүүгө жана ката кетирбөөгө жардам берет.

Пилоттук этапта бирдиктүү салык эсеби төмөнкү учурларда колдонулат:

  • Патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
  • Өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
  • Турак жайга мүлк салыгын төлөөдө.

Төлөмдөрдү онлайн (салык төлөөчүнүн кабинети, QR-код, эквайринг) же банк аркылуу жүргүзүү мүмкүн болот. Бул система салыктык милдеттенмелерди аткарууда ИНН жана төлөм суммасы гана талап кылынган жөнөкөй жолду сунуштайт.

Жаңы механизм Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда. Жарлыкта Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын мисалында пилоттук долбоорлорду жүргүзүү каралган.

Бул ыкма салык системасын автоматташтырууну жана ишкердик чөйрөнү жөнөкөйлөтүүнү максат кылат.