Жаңылыктар
Асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыялар бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыялар бериле баштады

Өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өкүлү Мыктыбек Каландаров бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, асыл тукум мал алганга үстөгү болгону 3 пайызды түзгөн жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Жарандар 5 миллион сомго чейин насыя алса болот, 500 миң сомго чейинки каражат күрөөсүз берилет.

Мындан сырткары асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка 200 миңге жакын  малды жасалма уруктандыруу каралган. Мындай иштерди 3 жыл катары менен жасап, малдын сапатын жакшыртуу максаты коюлган.

Маалыматка караганда, учурда өлкөдө 185 асыл тукум мал чарбасы бар.