Быйылкы жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 442,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык өсүү темпи реалдуу түрдө 11,7 пайызга жетти. Мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер да өсүш көрсөткөн.
Мамлекеттик салык кызматы 89,8 миллиард сом чогултуп, белгиленген 83,4 миллиард сомдук планды 107,6 пайызга ашыкча аткарды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,7 миллиард сомго көп.
Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 41,9 миллиард сомду түзүп, план 101 пайызга аткарылды. Былтыркы көрсөткүчтөн 2,2 миллиард сомго көп каражат жыйналган.
Жалпысынан, мамлекеттик бюджеттин ресурстары 264,9 миллиард сомду түзүп, пландан 14,6 миллиард сомго көп каражат түшүп, өсүү темпи 105,8 пайызга жетти.
Ал эми мамлекеттик бюджеттин кирешеси 211,6 миллиард сомду түзүп, план 106,3 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде киреше 126,4 миллиард сом болгон. Бул болсо быйылкы жылы 85,1 миллиард сомго көп киреше түшкөнүн көрсөтөт.