Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гаочжоу шаарына караштуу айылдардын биринде катуу жааган жамгырдан улам болгон жер көчкүнүн болуп, үч адам каза таап, бирөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-майда “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Пинтоуган айылында катталган.Анын кесепетинен үч кабаттуу имарат жабыркап, жети адам урандылардын астында калган.
Куткаруучулар алты адамды куткарып, ооруканага жеткиришкен. Медицинанын аракетине карабастан алардын үчөө ооруканада каза тапкан.
Калган үч адамдын абалы туруктуу экени айтылууда. Издөө жана куткаруу иштери улантылып жатат.