Жаңылыктар
“Манас” эл аралык аэропортунун коду FRUдан BSZге өзгөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
“Манас” эл аралык аэропортунун коду FRUдан BSZге өзгөрөт

«Манас» эл аралык аэропортунун IATA коду 2025-жылдын 9-августунан тартып “FRU”дан “BSZ”ге өзгөртүлөт. Бул тууралуу  Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирет.

Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.

Кодду өзгөртүү тууралуу чечим 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүгө негизделип кабыл алынган. Аталган резолюциянын 4-3-2-пунктуна ылайык, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин ал күчүнө кирет.

IATA коду дүйнө жүзүндөгү аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыкты талап кылат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодуна өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.