Жаңылыктар
Жасалма документ жасап акча тапкан бангладештик жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма документ жасап акча тапкан бангладештик жаран кармалды

УКМКнын бүгүн, 20-майда берген маалыматына ылайык, жасалма документтерди даярдап саткан бангладештик жаран кармалды.

Ал мекендештеринен акчалай сыйлык үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган.

Ошондой эле шектүү ушул жылдын февраль айында Кыргызстандын аймагында эмгек мигранттарын легалдаштыруу үчүн 66 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып, материалдык пайда алуу максатын көздөп, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Аталган чет өлкөлүк жаран Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК бардык чет өлкөлүктөрдү жана уюмдарды кабыл алынган жаңы миграциялык эрежелердин алкагында тиешелүү уруксат кагаздарын алуу маселелери боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталына гана кайрылууга чакырат.