Жаңылыктар
Бүгүн Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчөт

Бүгүн, 20-майда Аламүдүн-1 кичи районунда суу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн саат 10:00дөн 22:00гө чейин

Калинин көчөсү, Токмок көчөсү ошондой эле Аламедин-1 кичи районунда суу болбойт.

Өчүрүлүүгө туш болгон абоненттер:

— Аламүдүн-1 №№ 77, 78, 79, 80, 81, 82, 83, 84, 85, 29, 30;

— КОСУ —Загорский көчөсү, 34а;

— Музыкалык мектеп Аламедин-1 № 76/1.

Суу түтүктөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.