Жаңылыктар
“Соль” тобундагы синтетикалык баңгизаттарды ташыган каналга бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Соль” тобундагы синтетикалык баңгизаттарды ташыган каналга бөгөт коюлду

УКМК Бишкек шаарынын аймагында "Соль" тобундагы синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына бөгөт койду.

Бул ишке шектелип эки кыргыз жараны кармалды. Алар баңгизаттарды сактоону, таңгактоону жана жакынкы чет өлкөлөргө андан ары ташууга даярдыкты камсыз кылган "складды" уюштурушкан.

Тактап айтканда, 2 килограмм «соль» баңги заты Россиядан жеткирүү кызматтары, анын ичинде «Карго» жана «Яндекс» такси аркылуу тиричилик техникасынын ичине жамынып алып келингени аныкталган. Партиянын бир бөлүгү Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында сатууга, калган бөлүгү Өзбекстанга экспорттоого арналган.

Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.