Социалдык тармактарда УТРКнын логосу чапталган жана “Аймактар” берүүсүнүн жасалгасы менен алып баруучусу колдонулуп, Кубанычбек Апас аттуу жаран кайсы бир платформага катталууга чакырган видеоматериалдар тарап жатат.
УТРК бул материалга эч кандай тиешеси жоктугун, бул жалган маалымат экенин жана ал алдамчылар тарабынан жасалма интеллект аркылуу даярдалганын билдирет. УТРК атын жамынган мындай фейк, жалган маалыматтарга ишенбеңиздер, урматтуу окурман жана көрөрмандар!
Алдамчылар тарабынан мындай ыкмалар буга чейин да колдонулуп, УТРК сайтынын жасалгасына окшош дизайн менен жасалган баракча аркылуу белгилүү ишкерлердин, саясатчылардын маеги делген материалдар тарап келген. Бирок ал ишкерлер менен саясатчылар дароо ал маектерди четке кагып, анын жалган экенин айтып чыгышкан. УТРК да мындай маалыматтар чыгар замат бардык платформалары аркылуу түшүндүрмө берип, элди андай фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырып келет.