Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Майтоңбос участогунда маракко чегирткесин дарылоо иштери башталды. Бийик тоолордогу чегирткелердин уюгун жок кылуу максатында авиациялык дарылоо ыкмасы колго алынган. Жайылып бараткан зыянкечке каршы күрөшүүнүн бул ыкмасы адистер тарабынан эң натыйжалуу деп бааланууда.
Буга чейин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусу боюнча адистери ири масштабдагы изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Жайлоолорду, тоо этектерин жана айдоо жерлерин кыдырып, ар бир өсүмдүктүн абалын кылдат байкаган адистер зыяндуу чегирткелердин очокторун так аныкташкан.
Маракко чегирткеси – айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүчү эң кооптуу зыянкечтердин бири. Бул чегиртке белгилүү бир шарттарда массалык көбөйүп, үйүр түзүп, өтө кеңири аймакка тарай алат. Көбүнчө кургак, жарым чөлдүү, таштак же тоо этектери сыяктуу аянттарда кездешет. Көп учурда жетүүгө кыйын болгон алыскы тоо кыркаларында уюгуп көбөйөт.
Облус аймагында айыл чарбасына олуттуу зыян келтирген маракко чегирткесине каршы күрөшүү аракеттери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Дарылоодо колдонулуп жаткан химикаттар эл аралык стандарттарга ылайык тандалып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, чегирткелерге каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.