Жаңылыктар
Нарындын Миң-Булак айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын Миң-Булак айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын шаары жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бүгүн билдиришкенге караганда, аймактагы катуу шамалдан кийин жаратылыш кырсыгынын кооптуулугуна карата Миң-Булак айыл аймагына өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

18-майда 17:30 чамасында Миң-Булак айыл аймагында күчү 25 метр секундага жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Лахол, Жер-Көчкү айылдарында жалпы 40ка жакын турак жай, кампа, сарайлардын чатырларын шамал учуруп кеткен. Нарын району боюнча төрт айыл аймакта 89 турак жай, кампа, сарайлар жабыркаган. Мунун ичинен 30у турак жай.

Катуу шамал Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында да болгон. Азыркы тапта жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жабыркаган үйлөрдүн саны, келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.