Жаңылыктар
Мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет элдик эки жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет элдик эки жаран кармалды

 УКМК тарабынан шаар куруу системасындагы коррупцияны жоюу жана мыйзамсыз миграциянын каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды.

 Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган. Бул факт боюнча УКМК Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында 46 чет өлкөлүк жаранга карата КРда болуунун белгиленген тартибин жана эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу фактысы боюнча ар бирине 10 миң сомдон протокол түзүлгөн, ал эми курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.

 Чогултулган материалдардын негизинде мыйзамсыз миграция каналын уюштуруучуларга карата кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 16-майында чет мамлекеттин 2 жараны кармалып, Бишкек ШИИБинин УКЖсына камакка алынды.

 Учурда кылмыш ишинин алкагында миграциянын мыйзамсыз каналын уюштурууга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.