Жаңылыктар
Нарын менен Ысык-Көлдөгү катуу шамалдын кесепети такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын менен Ысык-Көлдөгү катуу шамалдын кесепети такталууда

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан 18-майда Ысык-Көл жана Нарын облустарында болгон катуу шамалдан жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иликтөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 5 көп кабаттуу үй, 217 жер үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркап, 139 түп дарак кулаган.

Нарын облусу боюнча жалпы 30 үй, 43 сарай, 1 маданият үйү, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, 1 цех жабыркаган.

Учурда тактоо иштерине Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң райондорунун жана Каракол шаарынын, ошондой эле Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиялары тартылды.