Ош шаарындагы №1-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды.
Аталган факт УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош шаарынын №1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги «Т.Т.М.» 10-март күнү кармалды.
Кармалган адам КР Ош шаардык жана Ош облусттук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.