Жаңылыктар
Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 548 миң 625 сомдук тоок жумурткасы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 548 миң 625 сомдук тоок жумурткасы кармалды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар кармалды. Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. 

Текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүн Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 548 миң 625 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.