УКМК, ИИМ менен ӨКМдин аймактык бөлүктөрү, Баткен облустук жана райондук администрацияларынын жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өтөт.
Ал 30-марттан 1-апрелге чейин “Коопсуздук - 2021” аталышында болот. Ага 2 миңге жакын адам тартылып, 100дөй унаа, 20га жакын артилериялык тутум жана авиатехника колдонулат. Мындай окутуу-машыгуулар жыл сайын өлкөнүн ар кайсы облустарында өтүп келет.
"Коопсуздук жана калыптоо машыгуулары 2014-жылы баардык аймактарда өтүп келген. Быйыл Баткенде өткөрүүнү пландап жатабыз. Түштүк аймакта жайгашкан баардык бөлүктөр, министерство-ведомстволордун башкаруу органдары катыша турган болду",- деди “Коопсуздук - 2021” машыгууларынын штаб жетекчиси Алмазбек Кожошев.