Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында тамак-аштан массалык уулануу катталды. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору берген маалыматка караганда, Нариман айылынын тургуну 6-март күнү 60 жылдык мааракесин белгилөө үчүн үйүнө конок чакырган.
Жалпы 30га жакын адам тамакка ууланып, эки киши каза болду. Окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн атайын комиссия, жарандар ботулизмге кабылганын айтышат. Ууланууга үй шартында жасалган консерваланган салат жана шире негиз болушу ыктымал. Дарыгерлердин пикиринде, жарандарда оорунун белгилери байкалганына карабай, үйлөрүндө эки күн боюу өз алдынча дарыланып, ооруканага кеч кайрылган. Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан туулган күн ээсинин үйүндөгү компоттор жок кылынды. Бул жыл башынан бери тамак-аштан ууланган экинчи учур, ал эми былтыр мындай окуядан дубандын аймагында 25 учур катталган.
"Уулануунун биринчи белгилери эртеси байкалган. Бирок алар ооруканага кайрылбастан үйдө дары ичип коюп жүрө беришкен. Учурда жалпы 13 жаран ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Мындан башка 14 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө",- деди Ош шаардык санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков.