Жаңылыктар
Чүйдө 45 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы менен камсыздалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө 45 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы менен камсыздалды

 Чүй облусунун Панфилов районунда мурда суу жетпеген 45 гектар аянт бүгүн заманбап тамчылатып сугаруу системасы менен камсыздалды. Бул долбоор мамлекеттик суу үнөмдөө жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу программасынын пилоттук иш-чарасы болуп саналат.

Фермерлердин айтымында, жаңы тамчылатып сугаруу ыкмасынын эң чоң артыкчылыгы сууну 40% чейин үнөмдөө жана өндүрүмдүүлүктүн кескин жогорулашы. Мурда суткасына 1,5 гектар жер гана сугарылса, азыр 10 гектарга чейин суу берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Долбоордун алкагында насос жана фильтрация станциялары курулуп, электр чубалгылары тартылып, трансформатор орнотулду. Системаларды орнотууга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөттү.

Система ишке киргизилген учурда айрым кечигүүлөр жана техникалык мүчүлүштүктөр болгон. Бирок алардын көпчүлүгү ыкчам түрдө чечилип, азыркы учурда система тынымсыз күнү-түнү иштеп жатат. Чүй облусунда демонстрациялык программа аркылуу тамчылатма жана жамгырлатма сугаруу 600 гектар жерге жайгаштырылды.

Фермерлердин жеке демилгелерин кошкондо, жалпы аянт 4 миң гектардан ашты. Максаты жөн гана түшүм алуу эмес, суу ресурстарын үнөмдөө, дыйкандарды колдоо жана туруктуу айыл чарба моделин калыптандыруу. Анткени бүгүн ар бир тамчы суу - баа жеткис байлык.