Жаңылыктар
Кыргызстанда унааларды камсыздандыруу талабы күчүнө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда унааларды камсыздандыруу талабы күчүнө кирди

Кыргызстанда унааларды камсыздандыруу иши уланууда, бүгүндөн тарта күчүнө кирди. Болгону, 1-июлга чейин камсыздандырбагандарга айып пул салуу боюнча гана убакыт берилип, кечиккендерге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Демек, камсыздандырууга жетишпей калгандар үчүн кошумча убакыт бар. 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ОСАГО боюнча кыскача маалымат берип, "убакыт бар экен, кийин камсыздандырам" деген ойдон алыс болуп, унааларды өз убагында камсыздандырып алууга чакырды. 

Ал "социалдык тармактарда "камсыздандыруу токтотулду" деген туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирди. Айтымында, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өзүндө эле 211 миңден ашуун унаа камсыздандыруудан өткөн. Жеке компанияларды кошкондо жалпысынан 500 миңге жакын унаа камсыздандырылды.