Жаңылыктар
Ат-Башыдагы “Кыргыз шырдагы” этнофестивалы (фото баян)
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыдагы “Кыргыз шырдагы” этнофестивалы (фото баян)

28-29-июнь күндөрү Нарында салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы өттү. Элдик  салттуу маданий  мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттуу билимдерди жандандыруу менен Кыргызстанды туризмдин  аймагына  айландыруу максатындагы эл аралык фестиваль быйыл 16-жолу өткөрүлдү. Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өткөн эл аралык фестиваль бул жолу “Кыргыз даамы” фестивалы жана “Хан Кошой” эл аралык мелдеши менен коштолду.


                  Мыкты шырдак тандоо  түйшүгү

Өлкөнүн бардык облустарындагы кол өнөрчүлөр "Кыргыз шырдагы" фестивалына 800дөй шырдактарды көргөзмөгө жана сатыкка коюшту. Сынакка коюлган шырдактардын калыстар тобунун төрайымы Замира Мүсүралиева облустун Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал районунан уздар келбегенин айтты.


Ошондой эле ал калыстар үчүн мыкты шырдакты тандоо өтө оор болгонун белгилеп, кол өнөрчүлөрдү шырдакты мыкты жасоого үндөдү.

Фестиваль  өз максатына жетти. Бирок калыстар  үчүн мыктыларды тандоо кыйын жана оор болду. Чындыгында мыкты шырдак таба алган  жокпуз. Теңиртоолук шырдакчылар ЮНЕСКОго киргенсиздер. "Нарын шырдактын  мекени" деген статуска ээсиздер. Бул жөн эле ыйгарылган макам эмес. Ошого  татыктуу болуп, шырдакты жакшы жасаңыздар. Биздин шырдак жасоо өнөрүбүз унутта  калбасын. Энелерибиз сактап келген мурас ала кийиз, шырдак, боз үй жасоо унутта  калбасын!


Быйыл 16-ирет өтүп жаткан фестивалда шырдак боюнча "Мыкты", "Салттуулукту сактаган уз" жана "Мурас" аталыштарында орундар ыйгарылды.

"Мурас" байгеси уз Рысбүбү Айдаркановага берилсе, биринчи орун "Салттуулукту сактаган уз" номинациясында Жаңыл Жумабековага, экинчи орун Тоюнбаева Ишенбүбүгө, үчүнчү орун Жээнбек кызы Нурзатка ыйгарылды.  Ошондой эле Жалал-Абад облусунан келген уз Пардакан Томуева менен  атбашылык уз Гүлжан Сатылганова Кийиз маданий борборунун 30  миң сомдон атайын сыйлыгына ээ болушту. Мындан тышкары бир нече уз-чеберлер 8 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.

"Кыргыз шырдагы" фестивалын өткөрүүгө быйыл Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен 1 миллион 200 миң сом которулган. Маданий иш-чарада ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо кыргыздын ата-бабадан бери сакталып келе жаткан улуу мурастары, каада-салт, улуттук баалуулуктарын даңазалоодо фестивалдардын мааниси зор экенин белгилеп, өсүп келе жаткан муунду нарктуулукка үндөө, сырткы туристтерди тартуу менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга өбөлгө болоорун кошумчалады. Ошондой эле ал келээрки жылы "Кыргыз шырдагы" фестивалынын байге фондун 7 миллион сомго чейин көтөрүп берүүгө сунуш берилсе эл өкүлдөрү колдоо көрсөтөрүн айтты.


                         “Хан Кошой” күрөшү

"Кыргыз шырдагы" фестивалынын алкагында биринчи жолу эл аралык алкакта "Хан Кошой" күрөшү боюнча мелдеш болду.

Анда өлкөнүн бардык облустарынан жана Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашты. Күрөш беттеши 66, 78, 90 жана андан өйдөкү төрт салмак категориясында өттү.


Жыйынтыгында ар бир салмак категория боюнча балбандарга орундар ыйгарылды. Тагыраагы 1-2-орун алгандарга 15 миң сомдон 40 миң сомго чейин акчалай сыйлыктардын сертификаты, дипломдор, медалдар тапшырылды.

Ал эми биринчи орун алган балбандарга "Хан Кошой" куру, медалы жана 80 миң сомдук акчалай байгенин сертификаты берилди.


Маалыматтарга караганда, “Хан Кошой” күрөшү боюнча эл аралык мелдеш мындан ары жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. Келерки жылы райондогу Кошой-Коргондун жанына спорт комплекс салуу дагы пландалып жатат.


Тамшандырган “Кыргыз  даамы”

Сары-Тал жайлоосунда өткөн "Кыргыз даамы" фестивалында улуттук даам жана суусундук көргөзмөсүнө 200дөн ашык ар түркүн тамак-аштын түрү коюлду. Алсак, Ат-Башы жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү 200дөн ашык, Ак-Моюн айыл өкмөтү 135, Казыбек айыл өкмөтү 73, Баш-Кайыңды айыл өкмөтү 67 түрлүү улуттук даамдарды жана суусундуктарды алып келишкен. Арасында жансак, гүлазык, кемпир чай, куурма чай, көжө, сүмөлөк, эжигей, жуурат, чөбөгө, топоз ууз, ышталган имирчик, жаа бөйрөк, таш кордо сыяктуу көчмөн кыргыз элинин нукура улуттук азыктары болду.


Ошондой эле райондогу беш айыл өкмөтүнүн ортосунда беш бармак, мыкты бал, мыкты курут, мыкты кымыз, мыкты чалап, гүл кымыз, саамал кымыз, бал кымыз сынактары уюштурулду.


Жыйынтыгында мыкты деп табылгандарга 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин акчалай байгелер берилди.

Мындан тышкары ар бир айыл өкмөт өзүнчө ордо уюштурушкан. Аларга 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин сыйлыктар ыйгарылды. Фестиваль алкагында өткөн сынактарга активдүү катышкандарга 12 миң 500 сомдон тапшырылды.

Өлкөбүздүн ички азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда улуттук азыктардын мааниси  жана орду эбегейсиз. Андыктан, улуттук азыктарыбыз өлкөбүздүн тамак-аш өнөр жайынын өзөгүн түзүүсү зарыл. Бул тууралуу пикирин Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров билдирип, "Кыргыз шырдагы", "Кыргыз даамы" жана "Хан Кошой" күрөшүнүн маанисине токтолду.

Үч чоң маданий иш-чараны өткөрүү менен кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз элинин биримдигин, ынтымагы, бай маданий мурастарынын көп түрдүүлүгүн, жеринин кооздугун, улуттук азыктарын, кол өнөрчүлүгү менен оюндарын даңазалоо максат кылынган.

-Ар бир улут өзүнүн  улуттук даамдары жана маданияты аркылуу таанылат. Кыргыз элинин даамдуу жана  бай ашканасы - биздин маданий мурастарыбыздын ажырагыс бөлүгү. Баалуу мурасты  даңазалаган "Кыргыз даамы" фестивалы быйыл үчүнчү ирет өтүп, салттуу  тамак-аштарды таанытуу, жайылтуу жана жаш муундарга үйрөтүү менен нукура  даамдарын эл аралык деңгээлге таанытуу керек. Келечекте улуттук даамдарыбыз  массалык өндүрүштөн чыгып, ички рынокто, соода түйүндөрдө ордун табуу менен  импорттук азыктарды алмаштыруусу зарыл. 

Ал эми кыргыз көл  өнөрчүлүгү элибиздин дүйнө таанымын табиятка, ааламга болгон мамилесин,  жашоо-турмушун чагылдырып келген терең тарых. Анын башаты - шырдак кыргыз  элинин жаратылыш менен болгон байланышынын символун чагылдырат.

Кыргыз күрөшү да  улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү. Ал жөн гана спорттун түрү эмес, күчтүн,  кайраттын, намыстын жана эр жүрөктүүлүктүн символу. Кыргыз күрөшү миңдеген  жылдарды камтып, ар кандай тойдордо, майрамдарда уюштурулуп келген. Муну менен  кыргыз эли балдарын кичинесинен күрөшкө үйрөтүп, эр жигит болууга тарбиялап келген, - деди район башчысы.


Өзгөчө олобо

Сары-Тал жайлоосунда өткөн "Кыргыз даамы" фестивалында өзгөчө олобо көргөзмөгө коюлду. Аны Ат-Башы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жасашкан.


Айыл өкмөттүн соцкызматкери Клара Казиева олобо 12 саат бышырылганын айтты:

- Олобону жылкынын  өпкөсүнөн жасадык. Ага 80 литр сүт, 7 литр сары май жана эки куту туз  колдондук. Тай казанга салынып 12 саат бышырылды. Мындай олобо илгери чоң  тойлордо жасалчу экен. Унутта калып бараткан ушунча көлөмдүү бул даамды жасап  көргөзмөгө коюну чечтик. Бул биздин даярдаган азыктарыбыздын эң көлөмдүүсү жана  өзгөчөсү болду. Ошондой эле Калыгул жарма, бүйүргөн карын, эчкинин сүтүнөн,  төрт түлүк малдын этинен даярдалган азыктар бар. Негизинен 200дөй азыктарды  алып келдик.

 Фестивалдын жыйынтыгында аталган айыл өкмөт улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү боюнча экинчи орунга ээ болуп, 25 миң сом акчалай сыйлык алды.