Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.