1-июль – Куткаруучулар күнүнө карай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Минкаб төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28 даана өрт өчүрүү жана куткаруу унаасын, 500 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийимдерин жана атайын жабдууларды тапшырды.
Атайын унаалардын айрым бөлүгү гуманитардык жардам катары Азербайжан мамлекетинен алынып келинсе, калганы республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган. Тапшырылган техниканын дээрлик бардыгы заманбап талаптарга жооп берип, куткаруучулардын коопсуз жана ыкчам иш алып барышына өбөлгө түзөт. Салтанаттуу иш-чара офицерлердин парады менен коштолуп, ага министрликтин өздүк курамы, ардагерлер жана мурдагы министрлер да катышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, жаңы техникалар өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп, даярдык иштерин бекемдөөгө кызмат кылат.