Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Азербайжан Республикасынын Ханкенди шаарындагы конгресс-борбордо Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 17-саммитинин ишине катышууда.
Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.