Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев бүгүн 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Айжан Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.
Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында Айжан Болотбековага генерал-полковник К.К.Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.
Генерал-полковник А.Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты.
Өз кезегинде Айжан Болотбекова генерал-полковник Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.