Токмок шаардык милициясынын кызматкерлерине Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу менен алектенген 3 жаран тууралуу маалымат түшүп, алар тарабынан каттоого алынганын бүгүн Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Бул факты боюнча "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Токмок шаардык соту чыгарган токтомдун негизинде Чүй облустук жана Токмок шаардык милициясынын кызматкерлери жогорудагы жарандардын үйлөрүнө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Тиешелүү далил заттар катары алардын уюлдук телефондору жана китепчелер алынды.
Бул материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Учурда тергөө иштери улантылууда.