Жаңылыктар
Баткен облусуна финансылык колдоо көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусуна финансылык колдоо көрсөтүлдү

Баткен облусуна суммасы дээрлик 232 миллион сомго жакын финансылык колдоо көрсөтүлдү.

 Финансы министрлиги берген маалымат боюнча, аталган аймакка ушул жылдын 4 айынын ичинде өлкө бюджетинен дээрлик 223 млн сом бюджеттер аралык трансферттер которулган. Анын ичинен теңдөөчү трансферт – 111 млн сомго чукулдайт. 

Ал эми айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3 млн. сом каралган. Электр энергияга болгон 50 пайыздык компенсациясына – 40 млн сом, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга да ушунча каражат бөлүнгөн. 

Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого болсо 29 млн сом деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого өлкө бюджетинен 9 млн сом каралган.