Быйыл жыл башынан бери сууга чөгүп, каза тапкан адамдардын саны 33кө жетти. Алардын 21и жай мезгилинде сууга чөгүп, ажал тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, суудан ажал тапкандардын 35 пайызын чоңдор, 15 пайызын 12 жашка чейинки балдар түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттерге кирген каналдарда, көлмөлөрдө, дарыяларда, суу сактагычтарда түшүү, мас абалында суу жээгинде эс алуу, балдардын кароосуз калуусу болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка суудагы коопсуздук эрежелерин эскертип, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун тынымсыз түшүндүрөт. Бирок буга карабай жарандардын коопсуздук маселесине кайдыгер мамиле жасап жатканы өкүндүрүүдө.