Жаңылыктар
УКМК Республикалык стоматологиялык клиниканын имаратын мамлекеттин менчигине кайтарды
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК Республикалык стоматологиялык клиниканын имаратын мамлекеттин менчигине кайтарды

УКМК тарабынан мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү, №173 дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык стоматологиялык клиникасынын имаратын мыйзамсыз ээликке алуу фактылары аныкталган.

 Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары көрсөткөндөй, аталган мамлекеттик мекеменин имараты 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Менчиктештирүү жол-жобосу ачык конкурстарды өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуу белгилери менен жүргүзүлгөндүгү такталган.

Клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект болуп эсептелип, өлкөнүн калкына стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында негизги функцияны аткарып келген.

 Архивдик документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жана аныкталган бузууларды эске алуунун натыйжасында, мүлккө ээлик кылган юридикалык жактын жетекчилиги жалпы аянты 1510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү чечкен.

 УКМК мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө жана мурунку мезгилде мыйзамсыз ажыратылган социалдык жана стратегиялык маанидеги объекттерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган чараларды ишке ашырууну улантууда.