Өлкө аймагында бир сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 38 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт катталган аймактар:
- Бишкек шаарында – 9;
- Ош шаарында – 3;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 10;
- Жалал-Абад облусунда – 6;
- Нарын облусунда – 2;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.