Жаңылыктар
Бишкекке 90 электробус келет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке 90 электробус келет

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, учурда борбордо 30 электробус шаар ичинде каттап жатат. Дагы 90 даана электробусту алып келүү июль айынын башына пландалууда.

Шаар башчысы Айбек Жунушалиев жакында “Депо-2” аймагында жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жыйынтыгын текшерди. Анын жүрүшүндө мэр электробустарды кубаттоочу жайларды комплекстүү текшерүүнү тапшырды.

Белгилүү болгондой, “Депо-2” аймагындагы имараттарда оңдоо иштери дагы деле уланууда. Жаңыланган автобазалар электробустар үчүн атайын жабдылып, биринчи комплекстүү инфраструктура болуп саналат.

Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы базалар экологиялык жактан таза жана үнөмдүү шаардык транспортту өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Алар электробустарды тейлөө, кубаттоо жана техникалык кароо иштерин бир жерде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.