Жаңылыктар
Кыргызстан армия боюнча дүйнөлүк рейтингде 105-орунга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан армия боюнча дүйнөлүк рейтингде 105-орунга чыкты

Кыргызстан аскер тармагы боюнча эл аралык рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунга чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Саламат Райымбаев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, өлкө башчысынын жана Министрлер кабинети менен Коргоо министрлигинин жетекчилигинин туура жүргүзгөн саясатынын негизинде ушундай жетишкендик болууда. Учурда Коргоо министрлигинде материалдык-техникалык базаны чыңдоо, офицердик курамдын кесипкөйлүгүн арттыруу, эл аралык аскердик кызматташууну кеңейтүү жана жаңы технологияларды киргизүү чаралары кабыл алынып, ушул багыттагы иштер аткарылууда.

“Акыркы жылдары аскер тармагындагы системалуу реформалардын натыйжасында жана өлкө башчынын колдоосунун негизинде көп жетишкендиктерге жетишип жатабыз. Бардык аракеттер аскердик кубаттуулук боюнча жалпы баалоодо оң таасирин берип, Кыргызстандын аскер тармагындагы рейтингин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө десек болот. Бул мындан аркы иштерге түрткү берип, реформа багытындагы аракеттерди улантуу зарыл экенин көрсөтөт”, - деди Саламат Райымбаев.

Бүгүн 29-май - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Бул күн 1992-жылдан бери белгиленип келет. Быйыл өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү түзүлгөнүнө 33 жыл толду.