Жаңылыктар
Чек ара коргоодо курман болгон жоокерлерге "Ата Мекен Баатыры" наамы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара коргоодо курман болгон жоокерлерге "Ата Мекен Баатыры" наамы берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ата-энелерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында: өлкөнүн мамлекеттик чек арасы — ыйык, бузулгус жана кол тийгис, мамлекеттүүлүктүн ажырагыс белгиси, эгемендүүлүк менен улуттук коопсуздуктун символу деп так белгиленгенин баса көрсөттү.

«Мамлекеттин башына кыйын күн түшкөндө, биз ар дайым мекенчил мыкты уул-кыздарыбызга таянабыз. Бүгүн, Чек арачылар күнүндө, “Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн өз күчүмдү, эгерде керек болсо өмүрүмдү да аябайм!” деп берген анттарына бек туруп, баатырларча курман болгон биздин күч түзүмдөрүбүздүн кызматкерлерин ыраазычылык менен эскерип жатабыз», - деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине чейин “Ата-Бейит” улуттук тарыхий-мемориалдык комплексине барып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган эстеликтин ачылышы болгонун эске салды. Бул эстелик кыргыз элинин келечек муундары үчүн мекенчилдиктин, баатырдыктын жана эрдиктин түбөлүк символу болуп калат.

Президент чек араны коргоо — ар бир кыргыз жаранынын ыйык парзы, ал эми аны камсыз кылуу — мамлекеттин башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ал чек ара маселеси так жана адилеттүү чечилбеген өлкөдө туруктуу өнүгүү да, коомдук тынчтык да орношу мүмкүн эместигин баса көрсөттү.

Садыр Жапаров көптөгөн мамлекеттер өз чек араларын аныктоо учурунда татаал жана кайчы пикирлерди жараткан оор кырдаалдарга туш болушканын ырастады. Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик чек арасын тактоо процессинде бир катар кыйынчылыктарга, сыноолорго жана аймактык инциденттерге дуушар болду.

«Чек арабызда болуп өткөн терс окуялардан жабыр тарткан ар бир үй-бүлөнүн муктаждыктары мамлекет тарабынан өз убагында чечилди. Материалдык жардам көрсөтүлүп, тиешелүү компенсациялар толук төлөндү. Жабыркаган турак-жайлар кыска мөөнөттө калыбына келтирилип, жаңы үйлөр пайдаланууга берилди», - деди Мамлекет башчысы.

Ал үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз тарыхында маанилүү чечим кабыл алынып - отуз жылдан бери тынчыбызды алып келген Кыргызстандын мамлекеттик чек ара маселесине акыры чекит коюлганын эске салды. Бул жетишкендик — албетте, жалпы элдин жеңиши.

Президент бул жетишкендик кыргыз элинин ынтымагынын, сабырдуулугунун, көрөгөчтүгүнүн жана биримдигинин натыйжасы болгонун баса белгиледи. Ошону менен бирге Садыр Жапаров бул ийгиликтин артында эң алды менен ушул залда отурган ата-энелердин эр жүрөк уулдары турушканын өзгөчө белгиледи. Алардын кайратмандыгы, тайманбастыгы жана Мекен үчүн жан аябаган эрдигинин аркасынан Ата Мекенибиздин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы корголду.

«Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Кыргыздын Мекени үчүн жанын берген баатыр уулдарынын ысымдары туулуп өскөн айылдарынын көчөлөрүнө, алар чоңойгон бала бакчаларга, окуган мектептерге коюлуп, жаңы төрөлгөн ымыркайларга да ыйгарылып келет», - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Расмий бөлүктүн соңунда каза болгон аскер кызматкерлеринин ата-энелеринин катышуусунда сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн “Ата Мекен Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы (курман болгондон кийин) ыйгарылды.