Жаңылыктар
Президент Каракол шаарынын борбордук стадионун ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Каракол шаарынын борбордук стадионун ачты

23-майдын кечинде Каракол шаарында жаңы стадион расмий түрдө ачылды. Салтанаттуу аземге Президент Садыр Жапаров өзү катышты. 

Аталган спорттук жай үч жарым миң көрүүчүгө ылайыкталган. Аянты да 5 жарым гектардан 7 гектарга кеңейтилип, заманбап спорттук жайда бардык тиешелүү шарттар каралган. Белгилей кетсек, бул спорттук жай 1972-жылы авариялык абалда деп табылып, каржылоонун жоктугунан дээрлик урандыга айланган эле. 

Мамлекет спорт тармагына көрсөткөн колдоонун алкагында, стадион “Каракол өнүгүү чекити” долбоору аркылуу толугу менен баштан аяк реконструкцияланып, ишке кирип отурат.



                                                                                         Караколдогу стадиондун ачылышынан түз эфир