Бишкек шаарындагы 5 800дөн ашуун абонент эртең, 27-май күнү электр энергиясынан убактылуу ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактарынын ишканасы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, автоматтык эсепке алуу жана көзөмөлдөө тутуму аркылуу дебитордук карызы бар абоненттерге дистанциялык өчүрүү жүргүзүлөт. Ишкана мындай жагымсыз кырдаалды алдын алуу үчүн электр энергиясы үчүн эсеп-фактураларды өз убагында төлөөгө чакырууда.
Жеке балансын текшерүү жана төлөм жүргүзүү жолдору:
- Ишкананын расмий сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү иштеп жатат. Ал аркылуу бардык (үй-бүлөлүк жана өнөр жай) абоненттер өзүнүн эсеп абалын текшере алышат.
- «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу да баланс тууралуу маалымат алууга болот (Play Market жана App Store'до жеткиликтүү).
- Кандайдыр бир суроолор жаралса, көп каналдуу Колл-центр аркылуу маалымат алууга болот: 105, 1209, 0772/0702/0556 00 12 09, же WhatsApp аркылуу: 0556 001209.
Төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү:
- Терминалдар: Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, Megacom, О!
- Электрондук капчыктар: О!, МБанк, MegaPay, UMAI, Элсом
- Банктар: Бакай Банк, Дос-Кредо Банк, Коммерциялык банк Кыргызстан, Халык Банк, KICB Банк, Оптима Банк
- Ошондой эле, «Кыргызпочтасы» да реалдуу убакытта төлөм кабыл алат.
Ишкана бардык абоненттерди каржылык жана техникалык ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн өздүк эсептерин өз убагында жабууга чакырат.