Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Будапештте ТМУнун бейформал саммитине катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Будапештте ТМУнун бейформал саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Мажарстан Республикасынын Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Уюмдун байкоочу өлкөсү - Мажарстанда биринчи жолу өткөрүлгөн бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Мажарстан Европа Биримдиги менен Түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын баса белгиледи.

«Ушундай жолугушууларда, биз биримдиктин жана ишенимдин деми аркылуу өлкөлөрүбүздүн жалпы туруктуу өнүгүүнүн жана элдерибиздин бакубаттуулугунун бекем пайдубалын түптөйбүз. Будапешт шаарындагы бүгүнкү жолугушуубуз былтыр ноябрь айында өткөн Бишкек саммитинин логикалык уландысы болуп саналат. «Түрк дүйнөсүн күчтөндүрүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген ураан астында өтүп жаткан учурдагы Кыргызстандын төрагалыгы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган», - деген Садыр Жапаров республикада бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү пландары тууралуу маалымдап, Уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын Кыргызстандын демилгеси менен күзүндө өткөрүлө турган премьер-министрлердин жана вице-президенттердин жолугушуусуна чакырды.